Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:30

Чүй соту Санжар Бакиевди 10 жылга кести


1-февралда Чүй облсоту мурунку президент Курманбек Бакиевдин бир тууганынын баласы Санжар Бакиевди 10 жылга эркинен ажыратып, 50 миң сом айып пул төлөтүү тууралуу өкүм чыгарды. Аны менен кошо кармалган Бектурсун Келдибековду 8 жылга, Базарбай Арзыгуловду 4 жылга эркинен ажыратуу өкүм кылды, экөө тең 50 миң сом айыпка жыгылды. Ал эми Замир Нуриев 3 жыл менен Мирлан Ахмедов 2 жыл шарттуу кесилип сот залынан бошотулду.

Мамлекеттик айыптоочу Санжар Бакиевди 25 жыл эркинен ажыратууну суранган.

Мурдагы президенттин тууганы Санжар Бакиев баштаган беш адамга былтыр 13-14-май күндөрү Жалал-Абад шаарында "массалык башаламандык уюштурган", "мыйзамсыз куралдуу топко жана киши өлтүрүүгө катыштыгы бар", "бийлик өкүлдөрүнө күч көрсөткөн", "бийликти басып алууга аракет кылган" деген айыптар коюлган. 2-ноябрда Жалал-Абад шаардык соту Санжар Бакиевди 10 жылга эркинен ажыраткан өкүм чыгарган. Айыпталып жаткандар сот өкүмүнө эмес. (EBM)

XS
SM
MD
LG