Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:59

Режеп Тайып Эрдоган Жогорку Кеңеште сөз сүйлөйт


Бүгүн Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган Жогорку Кеңеште депутаттардын алдында сөз сүйлөйт. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди. Иш сапардын жүрүшүндө Эрдоган Кыргызстандын бийлик башчылары менен жолугушуп, эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелер талкууланат. Режеп Тайып Эрдоган менен бирге Кыргызстанга Түркиянын алдыңкы бизнес мекемелеринин өкүлдөрү да келди. Иш сапардын алкагында “Кыргызстан-Түркия” деп аталган бизнес форум өтөрү пландалган. Ошондой эле Түркия менен Кыргызстандын өкмөт башчылары эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыкты бекемдөө, инвестиция тартуу маселелери тууралуу сүйлөшөт. (ES)

XS
SM
MD
LG