Египеттин президенти Хосни Мубарак сентябрга белгиленген шайлоого ат салышпай турганын билдирди. Мубарак ага чейин кызматта калып, бийликтин тынч жолу менен өткөрүлүшүн камсыздарын айтты:
- Өлкөдө коопсуздукту жана стабилдүүлүктү калыбына келтирүү, бийликти эмки шайлоодо эл тандаган адамга тынч жол менен өткөрүп берүү - менин алгачкы милдетим. Азыркы окуяларга карабай дагы бир президенттик мөөнөткө ат салышпайм. Египетке жана анын элине көп жыл жетиштүү эле кызмат өтөдүм. Бирок азыр улуттун кызыкчылыгында кызмат мөөнөтүмдү аяктоого даярмын.
30 жылдан бери авторитардык ыкма менен башкарып келаткан 82 жаштагы президент ошондой эле конституциялык реформалар жүргүзүлөрүн, анын ичинде мамлекет башчынын кызмат мөөнөтү чектелерин жар салды. Мубарак билдирүүсүн жасап аткан чакта Каирдеги борбордук аянтта жүз миңдеген демонстрант нааразылык акциясын улантып жатышты. Египеттин экинчи ири шаары Александрияда да 50 миңге чукул адам чогулду. Демонстрациялар Суэц, Ассиут, Мансура жана Лүксор шаарларында да өттү. Оппозициянын башында турган Мухаммед ал-Барадейи Мубаракты кан төгүүлөрдү алдын алуу үчүн ушул аптага чейин бийликтен кетүүгө үндөдү. Армия болсо демонстранттарга ок ачпасын айтып, элдин талаптары “мыйзам ченемдүү” деп моюнга алды.