Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:25

Террорчу деп шектелгендердин жакындары акцияга чыгат


Өткөн жылдын 25-26-декабрда террорчу деп шектелип кармалгандардын жакындары жана айрым укук коргоочулар эртең (3-февралда) Бишкекте Өкмөт үйүнүн алдында тынч жыйынга чогулат. Алар бийлик өкүлдөрүнөн кармалгандардын укугун коргоону, Улуттук коопсуздук жана кызматташтык уюмунун иш-аракеттерин териштирүү үчүн атайын Байкоо кеңешин түзүүнү талап кылышмакчы. Акциянын уюштуручуларынын билдиришинче, бул кармалгандардын 5-январда Бишкектен анча алыс эмес Арашан айылында террорчу деген шек менен жок кылынган адамдарга тиешеси жок.

Буга чейин УКМКнын төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев соңку террористтик иш-чараларга байланыштуу маалымат берип, Бишкектеги синагогага кол салуу, Спорт ордосунун жанындагы жардыруу, Бишкек шаардык милициянын жанына жардыргыч заттар коюлган унааны таштап кетүү, Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн үч кызматкеринин өлтүрүлүшү жана Арашандагы окуяларга “Жайшул Махди” аттуу уюмдун мүчөлөрүнүн тиешеси бар деп билдирген. Бул окуялар боюнча жалпысынан 16 адам шектелип жатат, алардын 11и колго түшкөнүн, экөө Арашандагы атайын операциянын маалында өлтүрүлүп, 3 адамга издөө жарыяланганы кабарлаган.

5-январда ИИМ атайын кызмат менен биргеликте милиция кызматкерлерин өлтүрүүгө тиешеси бар деп шектелгендерге каршы Бишкектин өйдө жагындагы Беш-Күңгөй айылында атайын чара өткөргөн. Анда жоочу деп шектелген эки адам өлтүрүлүп, бирөө колго түшкөн. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын атайын даярдыктагы “Альфа” тобунун бир жоокери кагылышуу маалында октон набыт болгон.

2010-жылдын 25-декабрда таңга маал Бишкек шаардык милициянын жанынан жардыруучу зат коюлган унаа табылган. Кийин бул унаа Сокулукта убактылуу жашаган АКШ жаранына таандык экени, беттерин чүмбөттөгөн белгисиз бирөөлөр аны үйүнөн карактап машинасын айдап кеткени белгилүү болгон. (EBM)

XS
SM
MD
LG