Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдиришинче, Сауд Арапстанда ажылык зыярат маалында ден соолугу кескин начарлап ооруканага жаткырылган кыргызстандыктын абалы азыр жакшы. Өз алдынча дем алып сүйлөгөнгө жарап калды. Дарыгерлердин айтымында, кыргызстандыкты мекенине алып келүү иштери жакынкы күндөрү чечилет.
Дин иштер боюнча мамлекеттик комиссиянын маалыматы боюнча былтыр ажылык зыяратка 4,5 миңден ашуун адам барган. Алардын экөө каза болуп сөөгү ошол жакта жерге берилген. (EBM)
Дин иштер боюнча мамлекеттик комиссиянын маалыматы боюнча былтыр ажылык зыяратка 4,5 миңден ашуун адам барган. Алардын экөө каза болуп сөөгү ошол жакта жерге берилген. (EBM)