Коргоо министрлигинин маалымдашынча, 31-январда Токмоктогу аскердик бөлүктө курал-жарактарды, ок-дарыларды жана жардыруучу заттарды түгөлдөө үчүн текшерүү жүрдү. Натыйжада бир топ жардыруучу жана жардырууну даярдоочу заттар кем болуп чыкты. Бул иш боюнча Бишкек гарнизондук аскер прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, тергеп-иликтөө иштери башталды. (EBM)