Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:37

Уюкфон аркылуу жаңылык таратуучу борбор ачылды


Бүгүн Бишкекте уюкфон аркылуу жаңылыктарды тарата турган “Кушкабар” деп аталган борбордун расмий ачылышы болду. Борбор даярдаган акыркы жаңылыктарды ар бир уюкфону бар жаран белгиленген номерге чалуу менен уга алат. Кыргызстандын бардык дубандарындагы кабарчылар Бишкектеги борборго чалып аймактардагы акыркы кабарларды айтып турушат. Ошол эле учурда ар кыл окуялардын күбөсү болгондор да борборго маалымат бере алышат.

Долбоорду ишке ашырып жаткан “Доор Медиа” коомдук фондусунун жетекчи орун басары Марс Тулгеновдун “Азаттыкка” билдиришинче, уюкфон аркылуу жаңылыктарды таркатуу Кыргызстандын аймагындагы маалымат боштугун толтурат жана жарандык журналистиканын өнүгүшүн шарттайт. Гезит алууга, сыналгы көрүүгө мүмкүнчүлүгү жок тургундар телефон аркылуу акыркы кабарлар угуп алса болот. Маалыматка ылайык, жарандар жаңылыктарды угуу үчүн белгилүү бир өлчөмдө акы төлөшөт. Азырынча бул кызматтан “Кыргызтелеком” менен “Фонекс” байланыш операторлорунун абоненттери колдоно алышат. (KKs)

XS
SM
MD
LG