Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” облус казысы Султан ажы Гапыров билдирди. Анын айтымында, азыркы учурда аймактан чет өлкөгө диний жаатта билим алууга кеткен жаштар тууралуу толук маалымат эч жерде катталган эмес. Ошол эле учурда алар кайсыл мекемеде, кандай багытта билим алып жатканы тууралуу так айтуу кыйын. Ошондуктан, жакынкы убактарда муфтияттын баштаган реформаларына ылайык, жергиликтүү имам-хатибердин жардамы менен чет өлкөлөрдө диний билим алууга кеткен жаштар каттого алынып, кайсыл мекемеде окуп жатканы такталат. (JsA)