Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:45

Санпа окуясы боюнча сот уланат


Жалал-Абад облустук соту бүгүн Санпа окуясы боюнча ишти кароону улантат. Акыркы соттук териштирүү 19-январда өтүп, ал күнү жети жабырлануучу көрсөтмө берип, соттолуучулардын айыптарын далилдей турган маалыматтарды айтышкан. Ошондой эле ал күнкү соттун отурумунда кошумча күбө катары суроо үчүн июнь окуяларында Убактылуу өкмөттүн түштүк аймагындагы өкүлү болуп турган Исмаил Исаковду, Жалал-Абад облусунда комендант болгон Кубатбек Байболовду, облус губернатору Бектур Асанов менен Сузак жана Базар-Коргон райондорунун акимдерин да чакыртуу өтүнүчү айтылган эле. Соттук материалдар боюнча Санпа заводунун айланасында он адам мыкаачылык менен өлтүрүлгөн, 44 киши жабырлануучу, 96 адам күбө катары катталган. Баштапкы сот 19 соттолуучун он жетисин өмүр бою эркинен ажыратуу, калган эки айыпталуучунун ар бирин 25 жылдан түрмөгө кесүү өкүмүн чыгарган. (ES)

XS
SM
MD
LG