Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июль, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:44

Таластын төө буурчагы 33 сомдон сатылат

Түркиялык “Арбель” компаниясы менен Кыргызстандын айыл-чарба министрлиги макулдашып, Түркия тарап он миң тонна төөбуурчакты килограммын 33 сомдон ала турган болду. Төө буурчактын баасы буга чейин өйдө-төмөн болуп, былтыр күзүндө 20-25 сомдун тегерегинде болуп турган. Буга нааразы болгон дыйкандар төө буурчактын баасын көтөрүү талабы менен былтыр Тараз-Талас-Суусамыр жолун да тосушкан. Алар менен бийлик өкүлдөрү жолугуп, бааны көтөрүүгө убада берген эле. (ES)
XS
SM
MD
LG