Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:56

Терроризмге каршы күрөштө АКШ Кыргызстан менен кызматташууга даяр


Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков АКШнын Кыргызстандагы элчисинин орун басары Ларри Меммот менен өткөргөн жолугушуусунда айтылды. Жолугушууда парламент жетекчиси өткөн жылкы окуялардан кийин өлкөнүн абалы кескин начарлаганын белгилеп, Кыргызстан учурда эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосуна муктаж экенин билдирди. Меммот мырза АКШ кызматташуу тууралуу Кыргызстандын конкреттүү сунуштарын кароого даярдыгын, мындан ары да жигердүү кызматташууну улантууга кызыкдар экенин белгиледи. Тараптар бир катар багыттар боюнча, анын ичинде терроризмге каршы күрөшүүдө да өз-ара кызматташууга дилгирлигин билдиришкен. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлоодо. (ES)

XS
SM
MD
LG