Бул тууралуу убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаров бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтуусунда бир катар банктардагы мурдагы бийлик ээлерине тиешелүү эсептердеги акчаны алуу Кылмыш-процессуалдык кодексинин жана кылмыш кодексинин негизинде банк кызматкерлеринин катышуусунда жүргүзүлүп, атайын тасмага алынган.
Азимбек Бекназаров апрель окуясынан кийин убактылуу өкмөттүн күч кызматтарын координациялап турган. Анын дарегине май-июнь айларында түштүктөгү кырдаалды жөнгө салуу себеби менен банктардагы алууга тыюу салынган эсептердеги акчаларды мыйзамсыз алган деген айыптар айтылган эле.(ZKo)