Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:38

Бишкек шаардык мамлекеттик каттоо кызматы иштеп жатат


Бишкек шаардык мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери ошентсе да мурдагы жетекчи Болот Берикбаевдин кайрадан ордуна коюлушун талап кылууну улантышууда. Аталган кызматтын каттоо жана маалымат берүү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Миңбаевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча мындай талап ээлери бүгүн саат 15:00 чейин мөөнөт беришти, эгер ага чейин Болот Берикбаев кызматына калтырылбаса, иш таштоо жарыяланат. Айрым маалыматтар боюнча Бишкек шаардык мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчисинин милдетин аткаруучулугуна 1-орун басар Молдокмат Тезекбаев дайындалды. Нурлан Миңбаев бул маалыматты “Азаттыкка” тастыктап, бирок Молдокмат Тезекбаев жетекчинин 1-орун басары катары гана кызмат аткарарын, жетекчинин милдетин аткаруудан баш тартып жатканын кошумчалады.

Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Жаныбек Бакчиевдин буйругу менен Бишкек шаардык мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы башчысы Болот Берикбаев кызматынан алынып, анын ордуна бул кызматты 7-апрелге чейин аркалап келген Болот Апилов дайындалган. Бишкек шаардык мамлекеттик каттоо кызматынын жамааты буга каршылыгын билдиришүүдө. Натыйжада 2-февраль күнү түштөн кийин борбор калаадагы кыймылсыз мүлктү каттоо кызматы иштеген эмес.(ZKo)

XS
SM
MD
LG