Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:30

Токтогул суу сактагычында 17, 061 млрд. кубметр суу бар


“Электр станциялары” мамлекеттик ишканасынын маалыматы боюнча бүгүнкү күнгө карата суу сактагычта калган суунун көлөмү 17 млрд. 61 миң кубметрге барабар. Бул өткөн жылы ушул күндөгү суунун көлөмүнөн 7 млрд. кубметрге көптүк кылат. Ушул тапта суу сактагычка секундуна 222 кубметр суу агып кирет, ал эми иштелген суунун көлөмү секундуна 562 кубметрди түзөт.

2008-2009-жылдары Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 7-8 млрд. кубметрге чейин азайган. Натыйжада элге берилүүчү электр энергиясына чектөө киргизилип, суткасына 6-14 саатка чейин электр энергиясы берилген эмес.

2010-жылы жай-күз айларында суу сактагычка топтолгон суунун көлөмү жогорку чекке жетип, 19,5 млрд. метркубдан ашып түшкөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG