Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:33

Жабырлануучулар Аскаровдун акталышын талап кылгандарга нааразы


13-июнда Жалал-Абадда өлтүрүлгөн милиционер Мыктыбек Сулаймановдун жакындары анын өлүмүнө күнөөлүүлөр тийиштүү жазаларын алышы керек деп эсептешет. Маркумдун апасы Карамат Сулайманова бүгүн маалымат жыйынын өткөрүп, уулунун өлүмүнө түздөн-түз күнөөлүү деп айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун акталышын талап кылып жаткандарга нааразылыгын билдирди.

Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери Мыктыбек Сулайманов 13-июнда Бишкек-Ош жолунун боюнча чогулган адамдар менен сүйлөшүү үчүн барган жеринен мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Бул иш боюнча укук коргоочу Азимжан Аскаров баштаган сегиз киши айыпталып, Базар-Коргон райондук соту 15-сентябрда беш соттолуучунун үй мүлкүн мамлекет пайдасына алуу менен өздөрүн өмүр бою эркинен ажыратып, эки айыптуунун ар бирин 20 жылдан, дагы бирөөнү 9 жылга түрмөгө кесүү тууралуу өкүмүн чыгарган. Кийинчерээк райондук соттун өкүмүн Жалал-Абат облустук соту күчүндө калтырган. Айыпталуучулардын адвокаттары жергиликтүү сот чечимдерин жокко чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку сотко кайрылышкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG