Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бюджет жана каржы комитетинин башчысы Акылбек Жапаров маалымат жыйынында билдирди. Анын айтуусунда, Кыргызстан парламенттик мамлекет, ошондуктан, президент менен өкмөт башчы Жогорку Кеңештин төрагасына караганда көп айлык акы алышы туура эмес. Акылбек Жапаров президент менен премьер-министрдин аппараты кызматкерлердин санын жана өздөрүнүн айлык акыларын көбөйтүп алышкан деп билдирди. Ал ошондой эле президенттик администрацияга мамлекет башчынын айлык акысы тууралуу маалымат берүүнү сурап кайрылганын маалымдап, кийинки маалымат жыйынында президент кол коюп алган айлык акысы тууралуу документти журналисттерге көрсөтүүнү убада кылды. А. Жапаровдун маалыматы боюнча бүгүнкү күнү ЖК төрагасы 25 миң сом, ал эми депутаттар 18 миң сом айлык алышат.
Мамлекет башчы Роза Отунбаева “Кабарлар” радиосунун кабарчысы менен маектешип жатып, айлык акысы 30 миң сом экенин айткан. Ал эми парламенттин кээ бир депутаттары президенттин айлык акысы 100 миң сомдун айланасында деп айтып чыгышкан.(ZKo)