Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:54

Бекназаров үчүнчү толкун башталышы мүмкүндүгүн айтты


Азимбек Бекназаров өкмөттүн жана парламенттин ишин сынга алып, аларга кайрылуу жөнөттү. Ал бүгүнкү маалымат жыйынында ушул тапта декабрь айынын акырында түзүлгөн коалициялык өкмөт Кыргызстандын аймагындагы бардык бийлик бутактарын бөлүп ала баштаганы туура эместигин билдирди. “Бийликке келген үч партия өкмөттүн курамын гана аныкташы керек болчу, бирок алар жергиликтүү бийликтерден баштап сот органдарына чейин өз кишилерин алып келе баштады. Мындан улам элдин арасында нааразычылыктар күч алууда. Эгер бул нааразычылыктар улана берсе баштаса, элдик толкундоолордун үчүнчү агымы башталышы мүмкүн,”- деди Бекназаров. Азимбек Бекназаров президентти, премьер-министрди бул маселелерге көңүл бурууга чакырды. Ал ошондой эле Жогорку Кеңешти калк муктаж болуп турган мыйзамдарды кабыл алууга тезирээк киришүүгө үндөдү.

Жогорку Кеңештин социал-демократтар фракциясынан депутаты Чыныбай Турсунбеков болсо коалициялык өкмөт жана бийликке келген партиялар бийлик бутактарын бөлүп алды деген дооматтарды четке какты. Анын айтымында, ар өкмөт түзүлгөндөн кийин ишенимдүү адамдарды алып келиши керек. Ал мындай билдирүүнү саясий кызыкчылык катары баалады.(ZKo)

XS
SM
MD
LG