1-вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов бүгүн журналисттерге эгер бюджет боюнча милдетин аткара албаса, өкмөттүн азыркы курамы толугу менен кызматтан кетүүгө даяр экенин билдирди. Ал 2011-жылдын бюджетин, аны менен кошо өкмөттүн ишин сынга алуу менен парламент саясий максатты көздөп жатышы да ыктымал деп эсептейт. “Бюджет ашкере көбүртүлгөн, өкмөт аны ишке ашырууга чамасы жетпейт деп сындоо парламенттин табияты, бирок мен ишенем, Жогорку Кеңеш бюджеттин азыркы долбоорун бекитип берерине ишенем, эгерде аны ишке ашыруу боюнча милдетибизди ишке ашыра албасак, анда өкмөттүн азыркы курамы толугу менен кызматтан кетүүгө даярбыз,” –деди Өмүрбек Бабанов.
2011-жылдын бюджетинин киреше бөлүгү 68 млрд. сом, чыгаша бөлүгү 89 млрд. сомду түзөт. Парламенттин каржы жана бюджет комитети бюджетти аткарууга кыргыз өкмөтүнүн чамасы жетпейт деп билдирип чыккан.(ZKo)