Бишкек шаарынын мэрин шайлоо жана аны жүзөгө ашыруу боюнча мамлекет башчынын 2-февралдагы жардыгы Башмыйзамды бузууга жатат деп билдирди “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү, депутат Равшан Жээнбеков. Анын айтуусунда, Башмыйзам боюнча президент Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого гана буйрук-жардык чыгара алат. Равшан Жээнбековдун сөзүн фракция башчысы Өмүрбек Текебаев да колдоого алып, президенттин буйругу мыйзамсыз деп билдирди. Анын түшүндүргөнү боюнча жергиликтүү бийлик башчыларын шайлоо жана аны жүзөгө ашыруу жергиликтүү кеңеш депутаттарынын укугунда жатат.
2-февраль күнү мамлекет башчы Роза Отунбаева Бишкек шаар мэрин шайлоону 4-февралда өткөрүү тууралуу жардыкка кол койгон. Ага ылайык, мэрликке талапкерлерди көрсөтүү боюнча президенттин өкүлү болуп Роза Отунбаеванын администрация башчысы Эмил Каптагаев дайындалды. Ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоо жараянын Бишкек шаардык кеңеши менен биргеликте өткөрүү тапшырылган.(ZKo)