Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:43

Сузак районунда сел жүрдү


Бул тууралуу “Азаттыкка” Чукул кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчи адиси Абдушарип Бекилов билдирди. Маалыматка ылайык, сел Сузак районунун Көк-Арт айылдык округуна караштуу Жалгыз-Жаңгак айылынын Каман-Колот аймагында катталды. Ага жааган жамгыр жана кардын эриши себеп болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, аймакта 38 үйдүн айланасын жана бир гектар айдоо жерди суу басты. Азыркы учурда сел арыктарда тоңуп калган муздардын үстү менен агып жатат. Ушул тапта кырдаалды жөнгө салуу аракеттери көрүлүүдө.

Буга чейин аба ырайын маалымдоочу борбор 3-5-февраль күндөрү Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында жаандын мол жаашынан улам тоо этектеринде каптал агымдары күтүлөөрү, ойдуң жерлерди суу каптаары тууралуу шашылыш билдирүү тараткан. (KKs)

XS
SM
MD
LG