Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:39

Египетте кагылышуулар уланууда


Египетте соңку тополоңдордо аз дегенде 10 киши каза тапты, 1 миңге чукулу жарадар болду. Президент Мубарактын каршылаштары менен колдоочулары ортосунда 2 күндөн бери кагылышуулар уланууда.
Вице-президент Омар Сулейман күзгү президенттик шайлоого чейин саясий реформаларды жүргүзүү керектигин билдирди. Мубарак сентябрда кезектеги президенттик мөөнөтү аяктаганда кызматынан кетүүгө убада кылган, бирок демонстранттар анын бийликтен дароо баш тартышын талап кылышууда. Америкалык ABC каналына берген интервьюда Мубарак тополоңду анын тарапкерлери уюштурушту деген ырастоолорду четке какты. Ал кызматтан кетсе бийликке тыюу салынган “Мусулман агайындар” уюму келиши ыктымал деп эскертти.

XS
SM
MD
LG