Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:32

Йемендеги демонстрациялар тынч аяктады


Кечээ Йемендин борбор шаары Санада да антиөкмөттүк демонстрациялар болду. Нааразы болгон эл 30 жылдан бери башкарып келаткан президент Али Абдулла Салехтин кызматтан кетишин талап кылышты. 2-февралда Салех 2013-жылы ыйгарым укуктары соңуна чыкканда жаңы мөөнөт үчүн ат салышпай турганын жана бийликти уулуна өткөрүп бербөөгө убада кылган эле. Бирок оппозиция бул жетиштүү эмес деп санайт. Ошол эле күнү Салехтин колдоочулары да көчө жүрүшүн уюштурушту. Эки демонстрация тең тынч өттү.

XS
SM
MD
LG