Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:30

Гуантанамодо бир туткун өлдү


АКШнын Гуантанамодогу түрмөсүндө бир туткун көз жумду. Маалыматтарга караганда, 48 жаштагы Авал Гүл спорт залында көнүгүү жасагандан кийин каза болду. Окуяны тергөөчүлөр иликтеп жатышат. Азырынча анын табигый себептерден улам өлгөнү айтылууда. Гүл "Талибан" жана "ал-Кайида" менен байланыштары үчүн шектелип, Гуантанамодо 2002-жылдан бери кармалып келген. Пентагондун маалыматына ылайык, абак ачылган 2002-жылдан бери ал жерде 7 туткун көз жумду. Алардын көбү өз жандарын өздөрү кыйышкан.

XS
SM
MD
LG