Ушул жылдын январь айында дүйнөдө азык-түлүктүн баалары рекорддук чекке жетти. Бул тууралуу БУУнун баяндамасында айтылат. Бирок 2008-жылкы көрсөткүчтөн ашкан жок. Ал жылы азык-түлүктүн кымбатташы бир катар өлкөлөрдө элдик толкундоолорго алып келген эле. Улуттар уюмунун Азык-түлүк жана Айыл чарба уюму 1990-жылдан бери бааларга байкоо жүргүзүп келатат. Эң негизги тамак-аштардын тизмесине дан жана сүт азыктары, суу май, эт жана кумшекер кирет.