Даниянын соту Мухамед пайгамбардын азил сүрөттөрүн тарткан карикатуристти өлтүрүүгө аракеттенген сомалилик адамга терроризм беренеси боюнча айып такты. 29 жаштагы Мохамед Гиил сүрөтчүнү коркуткусу келгенин сотто айтып актанды. Анын өкүмү бүгүн белгилүү болмокчу. Гиил өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылышы ыктымал. Курт Вестргаард тарткан карикатураларды даниялык гезиттердин бири 2005-жылы басып чыгаргандан кийин бир нече мусулман өлкөлөрүндө нааразылык акциялары тутанган.