2010-жылдын 28-декабрында Израилдеги Ариэл университети өткөргөн математика боюнча эл аралык студенттик интернет-олимпиадада кыргыз-орус Славян университетинин студенттери Бекболот уулу Эрмек, Уланбек Өмүрканов, Максим Энс жана Артур Мансуров жеке жана командалык биринчиликте алтын медалды жеңип алышты. Жеңүүчүлөр менен 3-февралда президент Роза Отунбаева жолугушуп, жеңүүчүлөргө баалуу белектерди тапшырды. “Талантыңар арта берсин. Силердей жаштар бар үчүн биз келечекке илгери үмүт менен карайбыз”,-деди Р.Отунбаева. Олимпиадага жалпысынан дүйнөнүн 20 өлкөсүнөн 6259 адам катышкан. Бул тууралуу президентинин маалымат кызматы кабарлады. (ES)