Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:34

Москванын убактылуу камоо жайларында 22 кыргызстандык бар


Алардын ичинен 16 кыргызстандык жаран 2010-жылы козголгон кылмыш иштерине байланыштуу отурушат. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги маалымдады. Ал эми калгандары кандай себептер менен кармалып, темир тор артына камалганы жөнүндө сөз жок.

ЖК депутаты, “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Жоомарт Сапарбаев Москванын Домодедово аэропортунда 24-январда болгон жардыруудан кийин кыргызстандык жарандарды кармап-камоо күчөгөнү тууралуу мигранттардан дооматтар түшүп жатканын парламентте билдирген эле. Депутаттын “Азаттыкка” билдиргени боюнча ал бул дооматтарга байланыштуу Орусиядагы кыргыз элчилигине кайрылып, мындай маалыматтарды жокко чыгарган жооп алган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG