Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:16

Президент Бишкек мэрин шайлоо боюнча өз буйругуна түшүндүрмө берди


Борбор калаа башчысын шайлоону дайындоо тууралуу буйругун түшүндүргөн мамлекет башчы Роза Отунбаеванын билдирүүсүн президенттин басма сөз кызматы таратты. Билдирүүдө президент өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаал мамлекеттик бийликти бекемдөө зарылчылыгын талап кылып жатканын, ушул тапта 459 айыл өкмөтүнүн 97синде, 11 шаардын экөөндө жетекчилер, ошондой эле 14 мэрдин 12си да “милдетин аткаруучу” болуп иштеп жатышканын белгилеп, демек мамлекеттик башкаруу толук кандуу орногону тууралуу сөз да болбостугун бекемдеген. Мамлекет башчы мындан тышкары ушул тапта “Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндө” мыйзам иштеп жатканын, мына ушул мыйзамга таянып, өлкөнүн президенти жана мамлекеттин башчысы катары саясий жоопкерчиликти мойнуна алуу менен Бишкек шаар мэрин шайлоону 4-февралга дайындаганын да баса көрсөткөн. Роза Отунбаева муну менен мамлекеттик кызыкчылыкты жана борбор калаанын, шаардыктардын кызыкчылыгын көздөгөнүн белгилеген. Мамлекет башчы жаз алды менен өлкөдө коомдук-саясий кырдаал курчуйт деген божомолдор күч алганын да белгилеп, элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгы борбор калаанын мэриясын бекемдөөнү, райондук акимчиликтердеги аткаруу тартибин күчөтүүнү талап кыларын айтып кеткен.

2-февраль күнү мамлекет башчы Роза Отунбаева Бишкек шаар мэрин шайлоону 4-февралда өткөрүү тууралуу буйрукка кол койгон. Ага ылайык, мэрликке талапкерлерди көрсөтүү боюнча президенттин өкүлү болуп Р. Отунбаеванын администрация башчысы Эмил Каптагаев дайындалган. Жогорку Кеңеш борбор калаа башчысын шайлоону дайындоого мамлекет башчы Роза Отунбаеванын укугу жоктугун кечээ билдирип, мэрди шайлоону токтото туруу тууралуу кайрылууну президентке жолдошкон. (ZKo)

XS
SM
MD
LG