Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:06

“АУБ”, “Манас Банк”, MGN Capital Partners боюнча иштер сотко өттү


Башкы прокуратуранын өзгөчө маанилүү кылмыш иштерин иликтөө башкармалыгы “АзияУниверсалБанк”, “МанасБанк”, “Ысык-Көл инвест банкы” аркылуу арам акчаларды адалдоо, коррупция, MGN Capital Partners компаниясындагы көз бойомочулук боюнча козголгон кылмыш иштерин иликтөөнү аяктап, 2-февраль күнү Биринчи Май райондук сотунун кароосуна өткөрдү. Башкы прокуратура тараткан маалыматка ылайык, кылмыш иши он беш чакты факты менен козголгон, анын ичинде “БТА Банкты” басып алуу, "Бишкек ликер-арак заводунун мүлкүн мыйзамсыз сатуу", “Кыргызалтын”, “Азия инфо” жана башка ишканаларга байланыштуу козголгон кылмыш иштери бар.

Башкы прокуратура ошондой эле “АзияУниверсалБанкта” жана башка коммерциялык банктарда мамлекеттин акчаларын пайдалануу, анын ичинде Социалдык фонддун 1,5 млрд. сомуна байланыштуу козголгон кылмыш иштерин иликтөөнү улантууда деп айтылат маалыматта.

“АзияУниверсалБанк”, “МанасБанк”, “Ысык-Көл инвест банкы” аркылуу арам акчаларды адалдоо, коррупция, MGN Capital Partners компаниясындагы көз бойомочулук боюнча кылмыш иштери апрель окуясынан кийин козголгон. (ZKo)

XS
SM
MD
LG