Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:12

Парламент ажы сапарын уюштуруу ишин муфтиятка берүүгө макул болду


Мындай демилгени “Ар-намыс” фракциянын мүчөсү, депутат Турсунбай Бакир уулу ачык отурумда жасаган докладында көтөрдү. Андан кийин Кыргызстандын муфтийи Чубак ажы Жалилов депутаттардын суроолоруна жооп берип, ажылыкты уюштуруу ишин муфтият абийирдүүлүк менен алып барууга аракеттенерин билдирди.

Бир катар суроолордон кийин депутаттар “Дин ишеними жана диний уюмдар эркиндиги жөнүндө” мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизүүгө биринчи окуудан макулдугун беришти. Ага ылайык ажылык сапарын уюштуруу иши Кыргызстан мусулмандар муфтиятына жүктөлөт.

2010-жылкы ажылык сапарды уюштурууда мамлекеттик дин комиссиясы кыңыр иштерге жол бергени тууралуу кабар тараган. Буга байланыштуу маселени Жогорку Кеңеш бүгүн түшкө чейин жабык эшик артында карады. (ZKo)

XS
SM
MD
LG