Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:23

Жалал-Абадда кылмыш дүйнөсүнүн мүчөсү деп шектелген адам кармалды


2011-жылдын 1-февраль күнү Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгына Аксы районунун эки тургуну арыз менен кайрылган. Алар өзүн кылмыш дүйнөсүнүн лидеримин деп тааныштырган Сейит аттуу жигит 20 миң жана 15 миң доллар талап кылып жатканын билдиришкен. Бул фактылардын негизинде Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмү кылмыш ишин козгоп, кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин негизинде Аксы районунун тургуну, 38 жаштагы А.Сейит опузалап акча талап кылган деген шек менен кармалган. Азыркы кезде ал Жалал-Абад ШИИБнүн убактылуу камоо жайында кармалууда деп билдирет Жалал-Абад облустук ИИБнын басма сөз катчысы Таалайбек Суусунбаев. (ZKo)

XS
SM
MD
LG