Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:02

Каирде 24 журналист кармалды


Журналисттерди коргоо комитети акыркы бир күндө Каирде 24 журналист кармалганын, чет элдик эки журналист бычакталганын кабарлады.

Ак Үйдүн өкүлү Роберт Гиббс журналисттерге “тынбай кол салууларды” сындады. Мамкатчы Хиллари Клинтон атайын билдирүү жасады:

- Коркутууларга кабылган журналисттерди коргоо Египет өкмөтүнүн, анын ичинде армиянын түздөн түз милдети. Египет өкмөтү журналисттердин болуп жаткан окуялар тууралуу Египет элине жана дүйнөгө маалымдап туруусуна кол кабыш кылууга даяр экенин көрсөтүш керек.

БУУнун адам укуктары боюнча башкы комиссары Нави Пиллайдын билдиришинче, Египеттеги толкундоолор башталгандан бери набыт болгон адамдардын саны 300гө жакындап калган.

XS
SM
MD
LG