Иорданиянын борбору Аманда 1 миңдей адам өлкөдө саясый-экономикалык реформаларды тезинен өткөрүүнү талап кылып, жума күнү демонстрацияга чыкты.
Акцияны “Мусулман агайиндер” кыймылынын саясый канаты Ислам аракеттенүү майданы уюштурду. Алар Египеттин элчилигинин жанына барып да нааразылык билдиришти. Падыша Абдулла көчө жүрүштөрүнөн улам мурдагы өкмөттү кетирип, Мааруф Бахитти премьер-министр кылып дайындаган. Бахир жаңы өкмөттүн курамын ишемби же жекшемби күнү жарыялоого тийиш.