Чукул кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчи адиси Абдушарип Бекиловдун “Азаттыкка” билдиришинче, Сузак районунун Көк-Арт айылдык округуна караштуу Жалгыз-Жаңгак айылынын Каман-Колот аймагында 3-февралдагы селден кийин арыктарды, үйлөрдүн тегерегин тазалоо иштери жүрүп жатат. Ушул тапта селден улам келтирилген зыяндын көлөмү такталып, кошумча чаралар көрүлүүдө.
3-февралда катуу жааган жамгырдан жана кардын эришинен улам Сузак районунун бул аймактарында сел жүргөн. Анын натыйжасында 38 үйдүн айланасын жана бир гектар айдоо жерди суу баскан. (KKs)
3-февралда катуу жааган жамгырдан жана кардын эришинен улам Сузак районунун бул аймактарында сел жүргөн. Анын натыйжасында 38 үйдүн айланасын жана бир гектар айдоо жерди суу баскан. (KKs)