Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:04

Бишкек мэри жол тоскондор менен жолугушту


Бишкектин Ош базарындагы “Кыял” соода түйүнүн айланасындагы күркөлөрдүн алынаарына нааразы болгон сатуучулар менен Бишкек мэри Иса Өмүркулов сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатат. Өз сөзүндө Бишкек мэри “Кыялдагы” күркөлөр сөзсүз алынарын, алар “Турбаза” базарына көчүрүлөрүн билдирди.

Мэрдин айтымында, көчүрүлгөн күркөлөрдүн ээлери үч айга салыктан бошотулат. Анткен менен сатуучулар буга макул болбой, азыркы орундарында дагы бир жылга калууну талап кылышты. Мындан улам мэр “Турбазага” көчүрүлгөн сатуучулар алты айга салыктан бошотуларын, аларга бир ай убакыт берилерин айтты.

“Азаттыктын” кабарчысы маалымдагандай, чогулгандар буга да макул болбогондуктан, мэр аларды жолду тоспоого, атайын өкүлдөрдүн шайлап 7-февралда сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө чакырды. Ушул тапта чогулгандардын ичинен дүйшөмбү күнү сүйлөшүүгө келе турган өкүлдөрү такталып жатат. (KKs)

XS
SM
MD
LG