Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:45

6-февралда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаайт


Синоптиктердин берген маалыматы боюнча, 6-февралда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн айрым жерлерде кар жаайт. Күндүз дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден, түнкүсүн Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда -5…-10, күндүз -2…+3 градус, Талас аймагында түнкүсүн -7…-12 градус суук, күндүз -3…+2 градус болоору күтүлүүдө. Баткен өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12, күндүз 1…6 градус жылуу болсо, Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн -1…-6, күндүз 1…6 градусту түзөөрү күтүлүүдө. Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -2…-7, күндүз -2…+3 градуска барабар, Нарын облусунда -7…-12, күндүз 0…-5 градус суук болот. Тоолордо сууктун күчү түнкүсүн -17…-22, күндүз -4…-9 градуска чейин жетет.

Бишкек шаарында түнкүсүн бир аз кар жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -7…-9 градус суук, күндүз -1… +1 градусту түзөт. (KKs)

XS
SM
MD
LG