Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:15

Ысык-Көлдө коопсуздук маселеси талкууланды


Президент Роза Отунбаева Ысык-Көлгө жасаган иш сапарынын алкагында Чолпон-Ата шаарында Нарын жана Ысык-Көл облустарынын активдери менен кеңешме өткөрүп, аймактагы коопсуздук, уюшма кылмыштуулук маселелерин талкууга алды. Коргоо кеңешинин чечимдерин ишке ашыруу маселеси талкууланган кеңешмеде Ысык-Көлдө уюшма кылмыштуу топтор көбөйүп, айрым учурда тартип коргоо органдары менен максатташ болуп кеткени сынга алынды. Мындан улам президент Отунбаева аймакта уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүү талабын койду. Өз кезегинде Улуттук коопсуздук комитетинин жана Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү бир жарым ай ичинде кылмыш дүйнөсүн ооздуктоо багытында көрүнүктүү жыйынтык болоорун белгилешти. (KKs)

XS
SM
MD
LG