Бавариянын баш калаасында өтүп жаткан коопсуздук боюнча жыйында НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен Египеттеги жана Түндүк Африка, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндөгү толкундоолорду күч менен басуу аракеттерин сынга алды:
– Келечеги бар коом өз жарандарынын каалоо-тилегин көз жаздымда калтырбайт. Демократия бул - көпчүлүктү түзгөн тараптын гана бийлиги эмес. Демократия бул - улуттук азчылыктардын укугун коргоо, адам укуктарын жана мыйзамдарды сыйлоо да болуп саналат. НАТО мынай ушул жоболорду карманат.
Мюнхен конференциясынын бир катар катышуучулары, анын ичинде АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Египеттин өкмөтүн демонстранттардын сөзүнө кулак салууга чакырышууда.