Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:12

Дүйнөдөгү эң чоң байрак Азербайжанда кайра желбиреди


Туурасы 70 метр келген, 162 метр бийик келген желек сабына илинген байрак 2-февралда катуу шамалда сабы ийилип кеткендиги байкалгандан кийин алынып салынган эле. Кырсыкты алдын алуу үчүн, байрак комплексинин жанындагы тогуз кабаттуу үйдүн тургундары убактылуу чыгарылып кеткен. Тургундар 3-февралда кайра кайтып келишти. Кечээ байрак кайра илингенге чейин, аянтты Чукул кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери курчап турушту. 60 гектарда жарыктандырылып орнотулган байрак комплексин курууга 24 миллион доллар сарпталган. Биринчи байрак сентябрда көтөрүлгөндөн бир күндөн кийин шамалда айрылып кетип, алмаштырылган болчу.

XS
SM
MD
LG