Өткөн айда кол салууда оор жаракат алган Конгресстин Аризонадан шайланган мүчөсү Габриэл Гиффордстун күйөөсү апрел айында уча турган Эндейвор космос чөлмөгүнүн экипажын башкарат. Буга чейин үч ирет космосто болгон ардагер астронавт Марк Келли аялы 3-январда атылып, ооруканага түшкөн бир айдан бери ишке чыкпай калган.