Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:57

ИИМ Коомдук көзөмөл кеңештерин түзүүнү көздөөдө


Кыргызстандын аймагындагы Ички иштер башкармалыктарында түзүлө турган Коомдук көзөмөл кеңешине мамлекеттик кызматкерлердин, жарандык коомдун, Ардагерлер кеңешинин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, билим берүү жана диний уюмдарынын өкүлдөрү кирмекчи. Бул кеңеш укук коргоо кызматкерлери менен бирге иштеп, кеңеш берүүчү орган болот. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, мындай демилге Кыргызстандын аймагындагы укук бузуу фактыларына жана кылмыштулукка каршы күрөштү жакшыртып, тартип сактоону күчөтүү максатында көтөрүлүп жатат. Натыйжада Коомдук көзөмөл кеңештери ИИМде, Бишкек, Ош шаарларындагы жана облустардагы ички иштер башкармалыктарында түзүлмөкчү. (KKs)

XS
SM
MD
LG