Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:42

Майлуу-Сууда кылмыштуулукка каршы митинг өтүп жатат


Бүгүн Майлуу-Сууда митингчилер 16-январда өткөн митингде билдирген талаптарынын аткарылышы тууралуу маалымат алуу максатында чыгып жатышат. “Азаттыктын” аймактык кабарчысы Ырысбай Абдыраимовдун билдиришинче, чогулгандарга Майлы-Суу шаарынын мэри Тургунбек Арипов, шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Шатманов чыгып сүйлөштү. Ушул тапта Жалал-Абаддын губернатору Бектур Асанов келип митингчилердин алдында сүйлөп жатат.

Ушул жылдын 16-январында Майлуу-Суунун 500дөн ашык тургуну акыркы убакта талап-тоноо, адам өлтүрүүгө байланыштуу кылмыштар көбөйүп, алардын бети ачылбай жатканына нааразычылыктарын билдирип митингге чыгышкан. Мындан улам Майлуу-Суу шаардык прокурордун, шаардык милициянын башчысын жана кылмыш иликтөө тобунун кызматкерлерин кызматтан алуу талаптарын билдиришкен. (KKs)

XS
SM
MD
LG