Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:00

7-февралда айрым жерлерде жаан-чачын болот


Синоптиктердин маалыматы боюнча, 7-февралда Кыргызстандын айрым аймактарында жаан-чачын күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, түнкүсүн Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда -6…-11, күндүз -2…+3 градус, Талас аймагында түнкүсүн -8…-13 градус суук, күндүз -2…+3 градус болоору күтүлүүдө. Баткен өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз 1…6 градус жылуу болсо, Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн -4…+1, күндүз 3…8 градусту түзөөрү күтүлүүдө. Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…5 градуска барабар, Нарын облусунда -9…-14, күндүз -3…+2 градус суук болот. Тоолордо сууктун күчү түнкүсүн -15…-20, күндүз -3…-8 градуска чейин жетет.

Бишкек шаарында түнкүсүн бир аз кар жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7 градус суук, күндүз -1… +1 градусту түзөт. (KKs)

XS
SM
MD
LG