Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:10

Майлуу-Суудагы митинг аяктады


Митингчилердин алдына чыккан Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Станбек Бакиров Майлуу-Суу шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы, анын орун басарлары жана дагы төрт тартип коргоо кызматкери иштен алынганын кабарлагандан кийин эл таркады. Бирок “Азаттыктын” кабарчысы билдиргендей, чогулгандардын айрымдары шаардык прокурордун кызматта калганына нааразы. Өз кезегинде облус губернатору Бектур Асанов прокурорду кызматтан алууга облус жетекчилигинин ыйгарым укугу жок экендигин билдирди. Кызматтан алынган кызматкерлер менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Бүгүн Майлуу-Суу шаарынын кеминде 600-700 тургуну буга чейин бийлик өкүлдөрүнө койгон талаптарынын аткарылышы тууралуу маалымат алуу максатында митингге чыгышты. 16-январда алар аймакта талап-тоноо, адам өлтүрүүгө байланыштуу кылмыштар көбөйүп, алардын бети ачылбай жатканына нааразычылыктарын билдирип чыгышкан эле. Мындан сырткары шаардык прокурорду, шаардык милиция башчысын жана кылмыш иликтөө тобунун кызматкерлерин кызматтан алуу талаптарын айтышкан. (KKs)

XS
SM
MD
LG