Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:44

“Бишкекгаздын” айрым кызматкерлери жетекчиликке нааразы


Бишкек газ чарба башкармалыгынын жыйырмадан ашык кызматкерлери “Бишкекгаздын” учурдагы жетекчилиги менен иштеше албаганын айтып, маселени чечип берүү сунушу менен Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибековго, биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабановго, Башкы прокуратурага, Эмгек боюнча мамлекеттик инспекцияга кайрылуу жөнөтүштү. Алардын жүйөлөрү боюнча, 2010-жылдын 27-октябрында “Кыргызгаз” ишканасынын башкы дирекциясы негизделбеген чечим чыгарып, жетекчини жана башкы инженерди кызматтан бошоткон. 5-ноябрда “Бишкекгазга” Таалай Дүйшеев дайындалган. Кайрылуу жөнөткөндөр Дүйшеев газ тармагында иштебегендиктен, “Бишкекгаз” ишканасы өнүгө албай жатканын, жаңы жетекчи айрым кызматкерлерди себепсиз кызматтан алганын айтышууда. Мындан улам ишканадагы маселени чечип берүүнү бийлик өкүлдөрүнөн өтүнүп жатышат.

Бул тууралуу “Кыргызгаздын” жетекчи орун басары Нурбек Жалидинов “Азаттыкка” пикирин билдирип, “Бишкекгаздын” жетекчилигин алмаштыруу ишкананын ишин жакшыртуу максатын көздөгөнүн билдирди. Ал эми “Бишкекгаздын” жетекчиси Таалай Дүйшеев менен байланышууга мүмкүн болгон жок. (KKs)

XS
SM
MD
LG