7-Кышкы Азия оюндарынын жалпы жыйынтыгы боюнча, Кыргызстан бир коло медалы менен 27 өлкөнүн ичинен жетинчи орунга чыкты. Бул коло медалды кыргызстандыктар топ менен ойнолчу хоккей оюнунан жеңип алышты. Муз үстүндөгү хоккей боюнча кыргызстандык курама биринчи лигада ойногондуктан, анда ээ болгон алтын медалы жалпы эсепке кошулбайт экен. “Азаттыктын” кабарчысы маалымдагандай, оюндардын жалпы жыйынтыгында 70 медал менен Казакстан биринчи орунда. Экинчи орунга 54 медал менен Япония чыкса, үчүнчүнү 38 медал менен Түштүк Корея алды. Ал эми Кытай 35 медал менен төртүнчүгө чыкты. Азия оюндарына 27 өлкө катышкан болсо, алардын ичинен медалдар сегиз өлкөгө гана тийди.
Казакстанда өткөн 7-Кышкы Азия оюндарына спорттун 11 түрү боюнча минден ашык спортчу катышты. Кыргызстандын атынан спорттун беш түрү боюнча 52 спортчу ат салышты. Оюндардын расмий жабылышы 6-февралда кечке жуук болот. (KKs)