Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:03

Парламент комитеттери 2011-жылдын бюджет долбоорун талкуулайт


Үстүбүздөгү жылдын мамлекеттик бюджет долбоору боюнча маселени бүгүн парламенттин адам укуктары жана коомчулук менен байланыш комитети карамакчы. Ал эми эртең фискалдык жана акчалай кредиттик саясат боюнча комитет республикалык бюджет долбоорун талкууга алат. Депутаттардын алдында каржы министринин орун басары Арзыбек Кожошев маалымат берет.

26-январда өкмөт жыйынында жактырылган 2011-жыл үчүн жаңы параметрдеги бюджеттин чыгашасы 89 млрд. сом, кирешесы 68 млрд. сом, тартыштык 21 млрд. сомду түзөт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG