Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:39

Обама: Египет эми артка кайтпайт


АКШнын президенти Барак Обама Египет мурдагы абалына эми кайтпайт деп ишенээрин айтты. Fox News телеканалына сүйлөп жатып, президент Обама Египеттин мамлекет башчысы Хосни Мубарак “эки аптадан бери созулуп жаткан массалык демонстрациялрда эми эмне кылаарын өзү гана билет” деди. “Бирок египеттиктер таза, акыйкат шайлоо өтүшүн каалап жатышканы айкын”, - деп айтты Американын президенти.

Кечээ Египетте бир топ оппозициялык кыймылдардын өкүлдөрү вице-президент Омар Сулейман менен жолугушкан. Сүйлөшүүлөргө өлкөдө ишине тыйуу салынган “Мусулман агайындар” аттуу исламчыл уюмдун өкүлдөрү да катышты. Тараптар реформанын үстүнөн иштей турган атайын комитет түзүү боюнча макулдашышты, ал марттын алгачкы апталарында сунушун айтат. Бирок оппозиция өз талабы боюнча эч кандай конкреттүү жооп уга албаганын, бийликтин кризисти чечүү аракети “жетишсиз” деп эсептээрин билдирди.

XS
SM
MD
LG