Алгачкы атышуулар жөнүндө төрт күн мурда кабарланган эле. Алар дагы эле уланып жатканы айтылды. Бирок аскерлер азырынча соңку окуяларда жабыр тарткандар жөнүндө маалымат жок экенин билдиришти. Жума күнү башталган жаңжалда 5 адам өлгөндөн кийин, Тайланд ок атууну токтотконун билдирген. Ортодогу тирешүү 11-кылымга таандык ибадатканага байланыштуу болууда. Буддисттердин бул ибадатканасын Бириккен улуттар уюму “адамзаттын дүйнөлүк мурастарынын” тизмесине алган жана 1962-жылы эл аралык сот аны Камбоджияныкы деп тапкан. Бирок тайланддыктар аны өзүнүкү деп эсептешет.