Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:37

Кыргызстанда эки жер титирөө катталды


6-февралда кечки саат бештер чамасында Ысык-Көл облусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдышарип Бекиловдун “Азаттыкка” тастыкташынча, жер силкинүүнүн очого Нарын шаарынан 150 чакырым чыгыш тарабында, Кажы-Сай айылында болгон.

Мындан сырткары 7-февралда таңкы саат алтыга чукул Ош облусунун Алай райоунунда да жер титирөө катталды. Нура айылында жер силкинүүнүн күчү 3 баллга жеткен. Алдын ала алынган маалыматтарга ылайык, кыйроолор жана жабыр тарткандар жок. (КЕ)

XS
SM
MD
LG